Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен өрт чыгып, 4 адам жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде SUPER.KG порталына ӨКМнын Ош шаардык башкармалыгынын башчысы Нурланбек Баймуратов билдирди.
Анын айтуусуна караганда, өрт тууралуу маалымат саат 23:20лар чамасында келип түшкөн.
"Ош кичи районундагы 12 кабаттуу үйдүн 4-кабатындагы батирден өрт чыккан. Өрт өчүрүүчү кызматкерлер барган учурда батир алоолонуп күйүп жаткан. Үйдүн терезесинде бир аял турган. Куткаруучулар шаты менен баргыча ал боюн таштап жиберди. Алгач 1-кабаттагы чатырга түшүп, андан кийин жерге кулаган. Аял учурда шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда. Андан сырткары дагы 3 жаран жеңил жаракат алышкан. Тактап айтканда, жеңил күйүктөрү менен медициналык жардам сурап кайрылышкан. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери аныкталууда", - дейт Баймуратов.
Айта кетсек, алдын ала алынган маалыматтар боюнча өрттөнгөн үйдө 30 жаштагы Ош облусуна караштуу Алай районунун тургуну ижарага алып жашап келген. Андан сырткары 3 жабырлануучунун өздүгү такталууда.