Талас шаарындагы 5-орто мектептин аймагында орун алган жаңжалдан 2 окуучу жана бир адам жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде SUPER.KG порталына Талас ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, пикир-келишпестик 11-класстын окуучусу менен мектепти 1 жыл мурун бүтүп кеткен адамдын ортосунда орун алган.
"Учурда жаңжалга канча адам катышканы такталууда. Мушташтан кийин 3 адам ооруканага түшкөн. Алардын экөө 11-класстын окуучулары, алар буттарына курч нерсе менен ачык жаракат алышкан. Үчүнчүсү мектепти бир жыл мурун бүткөн бала, анын ичегиси үзүлүп, операция жасалган. Учурда ал жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Ошондой эле ал аталган факт боюнча 234-берене (бейбаштык) менен кылмыш иши козголгонун да кошумчалады.