Борбордук Азиядагы Америка университетине жарылуучу зат коюлду деген маалымат калп болуп чыкты. Бул тууралуу Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 26-апрелде саат 13:37 чамасында милицияга Борбордук Азиядагы Америка университетинде жарылуучу зат коюлгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
"Тийиштүү органдар дароо жерине барышкан. Окуу жай курчоого алынып, студенттер жана кызматкерлер коопсуз жайга чыгарылган. Имаратты жана ага жакын аймакты текшерүүнүн жыйынтыгында кандайдыр бир шектүү буюмдар жана жардыруучу заттар табылган жок", - деп айтылат маалыматта.
Учурда окуу жай мурунку калыбында иштеп, милиция кызматкерлери курчоодон алынды. Ошондой эле жалган билдирүү тараткан адам боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.