Биз социалдык тармакта

Трамп катышкан иш-чарадагы ок атуу: Келген коноктор текшерүүдөн өткөрүлгөн эмес 

Вашингтондо АКШнын президенти Дональд Трамп катышкан иш-чарага келген коноктор текшерүүдөн өткөн эмес. Бул тууралуу чет элдик басылмалар катышуучуларга таянуу менен жазышууда.

Маалыматка ылайык, аталган салтанатка келгендер кирүү жеңил болгонун, эч кандай текшерүүдөн өтүшпөгөнүн билдиришкен. Ошондой эле мейманканага кирүү үчүн жөн гана билет же чакыруу барагы жетиштүү болгон. Мындан тышкары билеттердин чын-жалганын да текшерүүгө алышпаганын белгилешкен.

Белгилей кетсек, 25-апрелде АКШнын президенти жана анын жубайы катышкан иш-чарада куралчан адам ок чыгарган. Учурда шектүү кармалып, тергөө уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан