Социалдык түйүндөрдө КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков кызматтан кетиши керек деген пикир кызуу талкуу болууда. Бул талкуунун тегерегинде SUPER.KG порталынын соболуна Кыргыз өлкөсүнүн Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан жооп берди.
КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков кызматынан кетиши керек деген пикирди толук колдоорун айтты. "Илим Карыпбеков кызматынан кетирилип гана чектелбестен сөзсүз жоопкерчиликке да тартылышы керек! Илим Карыпбеков КТРКнын коомдук телеканал кылуу милдетин аткара алган жок. Тескерисинче, КТРК Илимдин жетекчилиги астында маалыматтык эң балит технологияларга жол берип, бир жактуу каралоо маалымат булагына айланды. Жанар Акаев айткандай, Илим Карыпбеков отставка менен гана чектелбей жоопкерчиликке тартылышы керек. КТРК 100 пайыз коомдук телеканал болушу керек!" - деди элчи Кылычбек Султан.
Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков, Жанар Акаев, жарандык активисттер Адил Турдукулов, Эдил Байсаловдун пикири төмөнкү шилтемеде.