Социалдык түйүндөрдө КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков кызматтан кетиши керек деген пикир кызуу талкуу болууда. Бул талкуунун тегерегинде SUPER.KG порталынын соболуна жарандык активист Адил Турдукулов жооп берди.
Жарандык активист КТРКнын директору Илим Карыпбековду отставкага кетирип, мамлекеттик кызматка иштөө укугунан ажыратуу зарыл экенин билдирди. "Ошол эле учурда коомдук канал Эсептөө палатасы тарабынан текшерилип, ишти Башкы прокуратурага өткөрүп бериши керек" деген пикирде.
Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков, Жанар Акаев, Кыргыз өлкөсүнүн Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан, жарандык активист Эдил Байсаловдун пикири төмөнкү шилтемеде.