Депутат Жанар Акаев: "КТРКга жетекчи болуп баруу планым жок"

Социалдык түйүндөрдө КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков кызматтан кетиши керек деген пикир кызуу талкуу болууда. Бул талкуунун тегерегинде Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев социалдык түйүндөгү баракчасына жооп жазды.

Ал КТРКга жетекчи болуп баруу тууралуу айтылып жаткан сөздөргө андай планы жоктугун так кесе айтты.

"Парламенттик ишмердүүлүгүмдү улантып, Кудай буюрса, келерки шайлоого да мыкты команда менен ат салышуу ниетим бар экенин жашырбайм. Мен сиздин (ред. Илим Карыпбековдун) менеджерлик сапатыңызды жогору баалайм жана ишиңизге ийгилик гана каалайм. Ушак-айың кептерге кулак салбайсыз деп ишенем", - деп социалдык баракчасына Карыпбековго кайрылуу жазды.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков, Кыргыз өлкөсүнүн Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан, жарандык активисттер Адил Турдукулов, Эдил Байсаловдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан