Жарандык активист Эдил Байсалов: "Илим Карыпбеков айнектен эшик орнотконун айтып келет. Бул чарба башчынын деңгээли болуп саналат"

Социалдык түйүндөрдө КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков кызматтан кетиши керек деген пикир кызуу талкуу болууда. Бул талкуунун тегерегинде SUPER.KG порталынын соболуна жарандык активист Эдил Байсалов жооп берди.

Эдил Байсалов Илим Карыпбеков КТРКнын башчылыгынан кетиши керектигин айтты.

"Илим Карыпбеков коомдук каналды мурунку бийликтин туура эмес, калп маалыматтары менен саясий оппоненттерин жок кылуу үчүн пайдаланган. "Белизгейт" тууралуу маалыматты көрсөтүшкөн. Азыр болсо бул боюнча билмексен болуп жүрөт. "КТРКнын имаратынын бул жерин чаптап койдум, айнектен эшик орноттум" деп айтып калат. Бул чарба башчынын деңгээли болуп саналат. Бизди КТРКнын ичинде эмне болуп жатканы кызыктырбайт. Эмнеси айнектен экени кереги жок. Эң негизги продукциясы коомдук каналдын эфири болушу керек", - дейт Байсалов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков, Жанар Акаев, Кыргыз өлкөсүнүн Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан, жарандык активист Адил Турдукуловдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан