Социалдык түйүндөрдө КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков кызматтан кетиши керек деген пикир кызуу талкуу болууда. Бул талкуунун тегерегинде SUPER.KG порталынын соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков жооп берди.
Депутат Илим Карыпбеков тууралуу коомчулук тарабынан айтылган ачуу сын уга электигин билдирди. "Мыйзам боюнча ар бир жетекчинин өзүнүн мөөнөтү болот. Эгерде мөөнөтүнөн эрте кетире турган жагдай пайда боло турган болсо, анда аны көзөмөлдөгөн Байкоочулар кеңеши бар. Алар мыйзам чегинде карашы керек. Менин пикирим боюнча, коомчулук тарабынан Илим Майрамбековичке карата айтылган ачуу сынды уга элекмин. Өз ишин так аткарып келе жатат", - дейт депутат.
Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев, Кыргыз өлкөсүнүн Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан, жарандык активисттер Адил Турдукулов, Эдил Байсаловдун пикири төмөнкү шилтемеде.