MegaCom абоненттери үчүн "Улуу Жеңиш" акциясы уланууда

Бизге жаркын келечекти тартуулоо үчүн жанын аябастан салгылашып, кан майданда баатырдык менен курман болгон чоң аталарыбыздын элестери ар дайым эсибизде сакталат. Ал эми Жеңиш менен Ата Мекенине кайтып келген ардагерлерибизге ийилип таазим этебиз. Тилекке каршы, алардын саны жылдан-жылга азайып бара жатат. MegaCom компаниясы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине колдоо көрсөтүү максатында, жыл сайын кайрымдуулук акциясын өткөрүп келет. Саамайын ак бубак баскан карыяларыбыздын эрдигине татыктуу баа берип, алардын жашоосуна кайдыгер карабаган абоненттерибиз Улуу жеңиштин 73 жылдыгын утурлай өткөрүлүп жаткан акцияга катыша алышат. Азыркы учурда акция уланууда.

1945 номерине каалагандай смс жөнөтсөңүз, Сиздин эсебиңизден 20 сом Жеңиш күнүнө карата Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жардам көрсөтүү үчүн которулат жана ардагерлерге жардам көрсөтүүгө сиз да өз салымыңызды кошо аласыз.

MegaCom кайрымдуулук SMS-марафонун өткөрүп келе жаткандыгына быйыл 7 жылдын жүзү болду. Абоненттерибиз тарабынан которулган акча каражаттары, Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети жана социалдык өнүгүүнүн райондук башкармалыктары тарабынан берилген тизмеге ылайык, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бөлүштүрүлүп берилет. 2017-жылы 1945 кыска номуруна 22 миңден ашуун SMS жөнөтүлүп, салыктар кармалгандан кийин 470 400 сом топтолгон.

Мындан тышкары, MegaCom компаниясы жеке каражаттарынын эсебинен 9 майга карата республика боюнча колдоого алынган ар бир ардагерге 2000 сомдон бөлүп берип жана да согушка катышкан жана оорукта эмгектенген ардагерлер үчүн майрамдык иш-чара өткөрөт. Жыл сайын "Жакындарга чалуу" жана "Полктошторго чалуу" акциялары уюштурулуп, ардагерлерибиз өлкө аймагы боюнча акысыз чалуу аткарып, жакын адамдары менен чер жаза баарлаша алышат.

Өткөн жылдарда өткөрүлгөн "Улуу Жеңиш" акциясынын жыйынтыктары менен компаниянын megacom.kg.сайтынан таанышууга болот.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан