Жарандык активист Ренат Самудинов менен аялы, журналист Элнура Молдокадырова учурда АКШнын Калифорния штатындагы Аделанто шаарында мыйзамсыз келген иммигранттарды кармоочу жайда камакта. Бул тууралуу АКШнын иммиграциялык жана бажы полициясынын расмий сайты жарыялаган.
Белгилүү болгондой, Кыргыз жарандары аталган кармоочу жайда АКШ аймагында жүрүүгө уруксаты бар же жок экендиги аныкталганга чейин болушат. Бул болжол менен 1 жылдан 4 жылга чейинки убакытты түзөт. Бирок 4 жылдан ашык убакыт кармалгандар да кездешкен.
Маалыматка ылайык, 2017-жылы 19-октябрда Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы элчилигине АКШнын чек ара кызматы тарабынан 18-октябрда Самудинов менен Молдокадырованын кармалгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Алардын кармалуу себебин жана кандай абалда кармалып тургандыгы тууралуу Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчилиги АКШнын чек ара жана иммиграциялык кызматы менен байланышкан.
Натыйжада Ренат Самудинов менен Элнура Молдокадырованын Америкага кирүү үчүн визасы жок болгондуктан кармалганы маалым болгон. Белгилүү болгондой, кармалгандан кийин алар АКШдан саясий башпаанек сураган.