Бүгүн, 28-апрелде Бакир Таиров Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, буйрукка 28-апрелде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Өкмөт башчынын дагы бир буйругу менен Эмил Жамгырчиев бул кызматтын төрагасынын орун басары болуп бекитилди.
Буга чейин бул кызматты Болот Сүйүмбаев жетектеп, анын орун басары Исабек Султаналиев болгон. Ал он күндөй иштеген. Аларды бул кызматка дайындаган буйрукка мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков кол койгон. Эки күн мурун Мухаммедкалый Абылгазиев аларды жумуштан алган.