ӨКМ: "Жер көчкүдөн улам Сузак районуна жана Жалал-Абад шаарына Өзгөчө кырдаал киргизилди"

Сузакта жер көчкүдөн улам Көк-Арт дарыясындагы суу бөгөлүп, дарыяга жакын жайгашкан калктуу конуштарга коркунуч жаралды. Мындан улам Сузак районуна жана Жалал-Абад шаарына Өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

29-апрелде түштөн кийин ӨКМ Сузактагы жер көчкүдөн Көк-Арт дарыясындагы суу бөгөлүп, 250 миң куб метр суу топтолгонун кабарлаган. Учурда дарыяга жакын жайгашкан калктуу конуштарды эвакуациялоо каралууда.

"Өзгөчө кырдаал режими киргизилгенине байланыштуу ӨКМ кооптуу аймакта жашагандарды көчүрүү, жээктерди бекемдөө, күч жана каражаттарды даярдыкта кармоо иштерин жүргүзөт. Учурда көчүрүүгө зарыл болгон үй-бүлөлөрдүн саны такталууда", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Айта кетсек, буга чейин окурман "Элдик кабарга" жер көчкү Көк-Арт дарыясын тосуп калгандыктан суу топтолуп жаткандыгын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Zamka79
2018-04-29 22:42:31
Кудай сактасын
+3
munar1980
2018-04-30 06:32:03
Аллахым өзүң сактай көр Бей ажал өлүмдөн бөөдө кырсыктан сакта
+4
munar1980
2018-04-30 14:38:21
уже көчеү ачылып суу сайда агып жатат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан