Армениянын оппозициялык кыймылынын лидери Никол Пашинян аталган өлкөдө 1-май күнү өтө турган премьер-министрди шайлоого карата бардык тарапташтарын митингге чыгууга чакырды. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Пашинян өз билдирүүсүндө шайлоонун жыйынтыгы ошол күнкү элдин маанайынан, активдүүлүгүнөн көз каранды болорун айтты. "Эртең менен парламенттеги бардык фракциялардын өкүлдөрү менен жолугам. 1-май күнү кечинде "сиздин талапкериңиз жеңишке жетти" деген кабар угасыздар деп терең ишенем",- деп билдирүү жасаган оппозиция лидери.
Армениянын мыйзамына ылайык, премьер-министрди парламент депутаттары шайлайт. Өкмөт башчылыкка келүү үчүн 105 депутаттын жарымынан көбүнүн, тагыраагы, 53 депутаттын добушуна ээ болуш керек. Парламенттеги башкаруучу "Республика" партиясы премьер-министрликке талапкер көрсөтпөй турганын билдирди. Азырынча жалгыз талапкер оппозиция лидери Никол Пашинян. Учурда Армениянын парламентинде бийликтеги "Республика" партиясынын 58 депутаты бар. Оппозициядагы 47 депутат Пашиняндын талапкерлигин колдоорун билдирген. Пашинян премьер-министрликке келүүсү үчүн кеминде 6 "республикачы" депутаттын колдоосуна ээ болушу керек.
Эске салсак, Арменияда бир нече аптадан бери бийликке карата нааразычылык митингдери болуп өтүүдө. Миңдеген митингчилер 2008-2018-жылдары өлкөдө 2 ирет президент болгон Серж Саргсяндын жана анын партиясынын саясатына каршы чыгышууда. Саргсян Конституцияны өзгөртүү жолу менен премьер-министрдин укуктарын жогорулатып, ушул жылдын 17-апрелинде өкмөт башчы болуп шайланган. Элдик толкундоолордон кийин ал аталган кызматты тапшырган.