Армениянын премьер-министри Серж Саргсян кызматтан кетти. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышууда.
Маалыматтарга ылайык, экс-президент Серж Саргсяндын премьер-министр болуп дайындалышына каршы оппозиция башында турган митинг уланып жатканына бүгүн 11 күн болду.
"Ереванда жүрүшкө чыккан он миңдеген адамдардын катарына ондогон аскер кызматкерлери да кошулган. Аскердик кийим кийгендер журналисттерге жооп кылып, аскердик бөлүктө кызмат өтөп жатышканын, бирок "эл менен болууну" чечкенин билдиришкен. Ошондой эле жекшембиде митингде кармалган оппозициячылар Никол Пашинян, Сасун Микаелян жана Арарат Мирзоян бүгүн бошотулду", - деп жазат басылмалар.
Айта кетсек, 17-апрелде парламент Серж Саргсянды премьер-министрликке жактырган. 2015-жылы өзгөртүлгөн Конституцияга ылайык, өлкө жарым-жартылай президенттик башкаруудан парламенттик башкарууга өтүп, премьер-министрдин ыйгарым укуктары күчөтүлүп, өлкөдөгү биринчи кишиге айланган.