Бишкекте мушташкан окуучу кыздардын ата-энелери бири-бирине карата арыз жазды

Бишкек шаарынын Көлмө жаңы конушундагы мушташкан кыздардын ата-энелери бири-бирине карата арыз жазышты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын жетекчиси Адыл Оморов билдирди.

"Көлмө жаңы конушундагы №78-орто мектептин мушташкан окуучу кыздарынын ата-энелери бири-бирине карата арыз жазышты. Учурда бул окуя боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Качан гана териштирүү иштери жыйынтыкталганда гана кылмыш иши козголушу же козголбошу билинет", - деди Оморов.

Эске салсак, 24-апрелде Көлмө жаңы конушундагы орто мектептин окуучу кыздары өз ара пикир келишпестиктерден улам мушташкан. Мектеп директорунун айтымында, мушташ кыздардын бири экинчи кызды түртүп жибергенден улам келип чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
zhaku2017
2018-04-30 12:24:41
Эки мышыктын тытышканы, чычканга кубаныч алып келет.
-4
Pandora
2018-04-30 12:33:37
zhaku2017,Ошондо ким кубанып жатат? Кыздар мушташса.
+6
love_story
2018-04-30 12:39:09
Кызы урушчаактын, апасы болушчаак!
+3
Mirlan27011987
2018-04-30 12:53:05
Урушчаактын - муштуму кычышат, ушакчынын - тили кычышат.
0
Ermekbai
2018-04-30 12:57:38
Жаман эчки сакалчы жаман адам макалчы......
+3
MENMINGO
2018-04-30 13:38:02
Ermekbai,
0
zhaku2017
2018-04-30 15:14:10
Ermekbai,
Кыргыздын макалы кайдан чыкмак, ой болбосо, кыргыздын кийизи кайдан чыкмак, кой болбосо. Макалдуу соз бузулбайт, макал болсо кыргыз тили унутулбайт.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан