Бишкек шаарынын Көлмө жаңы конушундагы мектептин окуучу кыздары өз ара пикир келишпестиктен улам мушташты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мушташ кечээ, 24-апрелде болгон.
"Көлмө жаңы конушундагы №78-орто мектептин окуучу кыздары өз ара пикир келишпестиктерден улам мушташкан. Бул окуя боюнча мектеп директору жана ата-энелер ортосунда чогулуш болгон. Мектеп директорунун айтымында, мушташ кыздардын бири, экинчи кызды түртүп жибергенден улам келип чыккан. Азыркы учурда Биринчи Май РИИБинин жана Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери бул окуянын үстүндө иштеп жатышат. Учурда видеону ким тарткан жана окуучулар эмне себептен мындай кадамга барганы иликтенүүдө", - деди басма сөз кызматы.