Райымбек Матраимов менен Сапар Исаковдун соту качан баштала турганы аныкталды

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун соту качан баштала турганы белгилүү болду.

Жогорку Соттун басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдиришкендей, Матраимовдун Исаковдун үстүнөн жазган арызын Бишкектин Биринчи Май райондук соту 2-майда саат 10:00дө карайт.

Эске салсак, Исаков Матраимовду 2017-жылдын 23-ноябрында “иши саясий жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет” деген жүйө менен Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан алган. 26-апрелде Матраимов “мени негизсиз жумуштан алды” деп Исаковду сотко берген. Исаков Матраимовдун арызы боюнча комментарий берүүдөн баш тарткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан