Ысык-Көлдө эки жигит кыз үчүн мушташты. Учурда бири ооруканада, экинчиси өлүкканада

Ысык-Көл облусунда 17 жаштагы эки жигит кыз талашып мушташып, бири каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 30-апрелге караган түнү саат 01:10 чамасында болгон.

"Кара-Ой жана Бактуу-Долоноту айылынын эки тургуну Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдун артында өз ара пикир келишпестиктерден улам мушташа кетишкен. Мушташтын себеби балдардын кыз талашуусу болгон. Мындан улам Кара-Ойдун тургуну атаандашынын талуу жерине чаап, жабырлануучу эсине келбей жатып каза болгон. Каза болгон бала 9-классты аяктаган соң мектепте окуган эмес, ал эми кылмышка шектелип жаткан бала Кара-Ой айылынын мектебинде 11-класста окуп жаткан. Шектүү окуя болгон жерден кармалып, учурда сурак берүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Fortuna1987
2018-04-30 15:20:05
Биздин мектепте да кыз талашууболуп турчу. Бирок бул жолу жаман болуптур. Тунку саат бирде мектеп курактагы балдарын карабай ата энелери кайда журду экен?
+6
Rifle_I
2018-04-30 15:24:59
Fortuna1987,11-класстын баласын ата энеси карайт беле ?
Азыр эл бузулду. Мыкаачы болуп кеттик.
+14
Fortuna1987
2018-04-30 15:37:11
Rifle_I,ой бизди 11 класс эмес уйлонуп балалуу болгон кундо деле ата энебиз карайт. Кандай болсо да кечки тамака келип калуу керек. Ал эми 17 жаш али кичине эмеспи. Кооп, козуно эч нерсе корунбой, суйууну тургай жашоодон эч нерсе тушуно элек кез. Илгери 17 жаштагы балдар кадимкидей чоноюп, токтолуп калышчу эле азыркы балдарга 17 жаштан 22 жашка чейин переходный возраст келгендей. Урматтуу ата энелербалдарынарды карагыла.
+15
umar.kgz
2018-04-30 15:53:15
Жакшы иш болбоптур,,Ата-энесине,жакын туугандарына сабыр берсин,ал эми баланын жаткан жери жайлуу,топурагы торко болсун!Азыр кыздан коп нерсе жок,башкасы деле табылмак.
+6
traveler
2018-04-30 16:13:49
Дүйнөдө башка кыз куруп кеткенсип өлгү чейин да мушташабы.
+5
Pandora
2018-04-30 16:27:48
traveler, Бул жерде кыз учун эле мушташ болгон жокко дейм.Кыз себеп НАМЫС талашуу да болгон.
+7
zhaku2017
2018-04-30 16:19:08
Мына жигит деп ушуну айт.
-7
Pandora
2018-04-30 16:28:36
Мындан 2-3жыл алдын Кызыл-Кия шаарында да ушундай мушташ болуп аягы олум менен аяктап,кыз дагы озун озу олтуруп алган.
+1
abon
2018-04-30 18:39:08
оздорунчо петух болуптурда, бир кыз учун мушташып!
0
Elaman180993
2018-04-30 18:43:18
Кыз деген топ Бир тепсен жок Бир Кыз деп омурун турмодо ототко эми
-14
Dalil
2018-04-30 20:56:19
Elaman180993, ошол сен айткан кыздардын ичинде сенин апаң эже карындашың, аялың жана кыздарың бар.
+8
Medinaa
2018-05-01 00:03:17
Сенсация жаратабыз деп эле кылыгы суук тема койо берет экенсиңер да(
+7
Nurmat92
2018-05-01 00:23:08
Ысык кол тууралу дагы уламыштар бар го санташ менен улан деген жөнүндө
0
Mydearzh
2018-05-01 00:53:02
Теманы окуп эле денем "дур" эте тушту...
Жаш эле балдарга кыздын эмне кереги бар дейм да...
0
Adi.Avazbekov
2018-05-01 01:01:23
Тушунбодум ооруканада сурак берип жатабы? Темасында бири ооруканада деп турат а астында тергоодо сурак берип жатат
+2
briliant87
2018-05-01 11:52:58
Мазар олуккана болуп озгоргонбу?
0
admin_superstan
2018-05-01 14:36:57
Sultanim, Nevestkaa, ilgiz-kg01,
Порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо portal@super.kg электрондук дарегине жазып жөнөтсөңүздөр болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан