Ысык-Ата районунда кургак учуктун алдын алуу аракети көрүлүүдө
19-20-ноябрь
күндөрү Кант шаарында Ысык-Ата районунун кургак учуктун алдын алуу боюнча айылдык Ден соолук комитетинин 48 өкүлү катышкан семинар болуп өттү. Саламаттыкты
сактоо министрлиги билдиргендей, бул семинар аталган райондун жашоочуларына кургак
учукка каршы быйыл кыш айларында болчу эмдөө жана дарылоо иштери боюнча
маалымат берүү максатында уюштурулду. Мындай акция ушул жылдын март айында
болуп өткөн. Анын жыйынтыгы жакшы болгонун уюштуруучулар айтышып, азыр район
жашоочуларынын көпчүлүгү кургак учук деген эмне экенин, андан сактануу, дарылоо
жолдорун билип калды деп белгилешет.