Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду Райымбек Матраимов "мени негизсиз жумуштан алды" деп сотко берген. Бул иш эртең, 2-майда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда каралат.
Матраимовдун Исаковду сотко берүүсүнүн мыйзамдуулугу талаш жаратууда. SUPER.KG порталынын бул боюнча cиздин пикириңиз кандай деген соболуна Конституциялык палатанын мурунку судьясы Клара Сооронкулова жооп берди.
Ал бул иште чоң көйгөй камтылганын белгиледи. "Бир топ кызматтарды саясий кызмат кылып койгон эң негизги көйгөй болуп эсептелет. Өкмөттүн саясий программасын же болбосо парламенттик шайлоодо жеңишке жеткен саясий партиялардын программасын ишке ашырып жаткан, Баш мыйзамда аталган кызматтар гана саясий кызмат деп эсептелиниши керек. Калган кызматтардын баары туруктуу болушу зарыл. Анткени саясий программа, өкмөт алмашып турат. Саясий ишеним менен келгендердин саны аз болуусу зарыл. Негизинен мамлекеттик функцияны аткарган адамдардын кызматтары саясий эмес, административдик мамлекеттик кызмат болуш керек. Мамлекеттик кызмат саясий кызмат, жарандык мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат болуп бөлүнөт. Саясий кызмат деген жакшы жөнгө салынган эмес. Конституциялык палата саясий кызматтарды азайтуу боюнча чечим жазган. Бирок саясий кызмат азайгандын ордуна көбөйүп жатат. Мисалы, Матраимовдун кызматын ала турган болсок, ал Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары. Ал каяктагы саясий кызмат болот? Өзүнүн маңызы боюнча саясий кызмат эмес. Табиятынан саясий кызмат болуп эсептелинбейт. Бирок Эмгек кодекси боюнча премьер-министр дайындаган кызмат саясий кызмат болуп эсептелинет. Мындай кызматтан кеткендердин талаш-тартышы сот аркылуу каралбайт. Бул ишти сот кароодон баш тартат болуш керек", - дейт Сооронкулова.
Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев, Айнуру Алтыбаева, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Феликс Кулов, укук коргоочу Рита Карасартованын пикири төмөнкү шилтемеде.