Экс-депутат Феликс Кулов: "Президент, премьер-министр дайындаган кызмат боюнча жекече эмгек талашын сот карабайт"

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду Райымбек Матраимов "мени негизсиз жумуштан алды" деп сотко берген. Бул иш эртең, 2-майда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда каралат.

Матраимовдун Исаковду сотко берүүсүнүн мыйзамдуулугу талаш жаратууда. SUPER.KG порталынын бул боюнча cиздин пикириңиз кандай деген соболуна Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Феликс Кулов жооп берди.

"Эмгек кодекси боюнча президент, премьер-министр дайындаган кызмат боюнча сот карабайт. Сот карай турган болсо мыйзамсыз болуп эсептелет", - деди Кулов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев, Айнуру Алтыбаева, Конституциялык палатанын мурунку судьясы Клара Сооронкулова, укук коргоочу Рита Карасартованын пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан