Бүгүн, 2-майда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун үстүнөн жазган арызы сотто каралат.
Сот отуруму Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда саат 10:00дө өтөт.
Эске салсак, Исаков Матраимовду 2017-жылдын 23-ноябрында "иши саясий жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет" деген жүйө менен Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан алган. 26-апрелде Матраимов "мени негизсиз жумуштан алды" деп Исаковду сотко берген. Исаков Матраимовдун арызы боюнча комментарий берүүдөн баш тарткан.