Бүгүн, 2-майда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту мурдагы премьер-министр Сапар Исаков менен Мамлекеттик бажы кызматынын мурунку төрагасынын орун басары Райымбек Матраимовдун ишин кароону башка күнгө жылдырды. Бүгүнкү карала турган ишке Сапар Исаков да, Райымбек Матраимов да келген эмес.
Сот Алмаз Калыбаев иш бүгүн түштөн кийин карала турганын айтты. Бирок Матраимовдун жактоочусу Татьяна Карыжинская ооруп жатканын билдирип, анын ордуна башка жактоочу келе турганын белгиледи. Андан кийин Калыбаев ишти 10-майда саат 9:00дө кароо чечимин кабыл алды.
Эске салсак, Исаков Матраимовду 2017-жылдын 23-ноябрында "иши саясий жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет" деген жүйө менен Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан алган. 26-апрелде Матраимов "мени негизсиз жумуштан алды" деп Исаковду сотко берген.