Ош шаарынын Масалиев көчөсүндө жол кырсыгы катталып, бир адам каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 3-май күнү 22:30 чамасында катталган. Анда Nissan Primera үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу азиат улутундагы 40-50 жаштардагы эркек адамды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.
"Ыкчам иликтөөнүн негизинде айдоочу кармалды. Ал 2000-жылы туулган Т.Т. аттуу Ош шаарынын тургуну болгон. Ал Масалиев көчөсүнөн жолдо жөө өтүп бараткан адамды сүзгөн. Учурда каза болгон жарандын өздүгү тактала элек. Ал эми жол кырсыгы боюнча тергөө иштери башталып, тийиштүү иштер жүргүзүлүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматынан.