Экс-депутат Аида Салянованын соттук иши 22-майда уланат

Бүгүн, 8-майда Жогорку Сотто экс-депутат Аида Салянованын иши каралды. Соттук иш 22-майда улана турган болду.

Соттук отурумда прокурор айыпты угузду. Ошондой эле ал буга чейинки соттун чечимдерин күчүндө калтырууну суранды. Экс-депутаттын жактоочусу Чынара Жакупбекова Аида Салянованын күнөөсү жок экенин айтып, аны актоону өтүндү.

Айта кетсек, Салянова "юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын наристеси 14 жашка толгондо, 2029-жылы күчүнө кирет. Салянованын кызы 2015-жылы 18-июлда төрөлгөн.

Быйыл 7-февралда Бишкек шаардык соту Саляновага карата чыгарган райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Буга байланыштуу Салянова өз каалоосу менен депутаттык мандатын тапшырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
BekAmir
2018-05-08 17:56:26
Жашоо бумеранг Аида Салянова убагында АШАнын буйругун аткарып далай азаматтарды куруткан. Эми белая ворона болуп чыга келди
+1
Jelezo
2018-05-08 18:58:17
Кайсыл таза азаматтарды айтасын күнөөсү жок камаган болсо азыр өздөрү эмнеге ак экенин айтып чыгышбайт кичине аркалары булганып калган болсо керекда
0
nargiz94
2018-05-08 22:30:36
Сонку кабардын сериалы башталат турбайбы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан