ЭЛДИК КАБАР: "Ак-Буура дарыясына салынган көпүрөдөгү тепкичтерди чала бүтүрүшкөн" дейт окурман

"Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясына салынган көпүрөдөгү тепкичтерди чала бүтүрүшкөн", - деп билдирди окурман SUPER.KG'нин "Элдик кабар" бөлүмүнө.

Анын билдирүүсүнө ылайык, ал жерде курулуштан кийинки жууп-тазалоо иштери жүргүзүлгөн эмес.

"Бул көпүрөнүн ачылганына көп болду. Тепкичтер плитка-кафелден куралган. Алардын бири-бирине куралган жериндеги бетондор сүртүлгөн эмес. Ачылгандан бери канча өтсө да тазаланбай жатат. Үйүңдө деле курулуш иштерин жасасаң мындай абалда калтырбайсың. Көпчүлүк көрүп кетүү үчүн келген жерде мындай абалдын болушу туура эмес", - деп жазган окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
KRIMINAL
2018-05-09 08:34:47
Дагы бир чоң курсак барса шашып ачылышын кыла калганда.
+3
Tunerbei1812
2018-05-09 08:41:41
KRIMINAL,Сапар Исаков барган. Ал дагы чон курсака киреби?
+1
KRIMINAL
2018-05-09 10:13:19
Tunerbei1812, курсагы жок жегич!
+2
Kumarchik
2018-05-09 09:45:00
Бутуп эле турбайбы болгону кафел раствор бойдон калыптыр арчып койсо жакшы болуп калат
+1
Tailgate
2018-05-09 10:26:34
Ушуну элдик кабарга жонотуп айыпты ачкандан коро озун жууп тазалап жалтыратып койсон ооо соооп болмок!
-4
Zamka79
2018-05-09 19:32:45
Tailgate,он торт миллион акча кеткен ушул курулушка
Жоопкерчилик ишти аягына чейин таза чыгарып берсе
Сен экообуз ошол жерди таза кармайбыз
Ошондо соопту тазалыкты кармайбыз
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан