"Баламдын абалын көрүп жүрөгүм тилинет" деп сөзүн баштады Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кызыл-Жар айылынын тургуну Анара Нышаналиева. Ал азыркы учурда башынан кечирип жаткан кейиштүү күндөрү тууралуу SUPER.KG порталына баяндап берди.
30 жаштагы Нышаналиева - 4 баланын апасы. Улуу баласы 5-класста, кийинки кызы 2-класста, үчүнчү баласы 3 жашта.
"Ал эми 4-балам Максат, буюрса, 15-майда бир жашка чыгат", - деди ал. Айтымында, көкүрөк күчүгүнүн көтөн чучугу жок төрөлгөн.
"Кызыл-Жар айылында төрөт үйү бар, өткөн жылы ошол төрөт үйүнөн уулумду төрөдүм. Дарыгерлер көтөн чучугу жок экенин айтышып, дароо Жалал-Абад шаарына жөнөтүштү. Ал жерден заң чыгыш керек деп операция жасашып, киндигинин үстүн тешип, ичегисин чыгарып коюшту. Ошентип балам төрөлөрү менен оорунун азабын тарта баштады.
Негизи кош бойлуулугум жакшы эле өткөн, Максат 3 килограмм 800 грамм салмакта төрөлгөнү менен, азыр салмагы 1 жаштагы балдардыкынан аз. Өтө алсыз, каны аз. Анткени заң чыгара албай кыйналат деп жалаң сүт менен багуу керектигин дарыгерлер айтышкан. Андайда курсагы тойбой ыйлайт, кээде жүрөгүм чыдабай тамак-аш аралаштырып берип коём. Чынында заң чыгара албай кыйналат, абдан күч келгенде жыныс мүчөсүнөн да чыгып кетет.
Ыйлайт, ооруйт. Баланын эзилип кыйналганын кароо эне үчүн оор. Күйөөм болсо дары каражаттарына акча табам деп тынымсыз ар кайсы жумушта иштеп жүрүп ооруп калды. Дарысына эле жумасына кеминде 3 миң сомдон ашык акча жумшалат. Ичегиси сыртта болгондуктан чаң жугузбай, таза кармашыбыз керек. Мен балдарымды карагандан башка жумушка бошобойм", - деди Нышаналиева.
Ошондой эле ал Максатты мындай оор күндөрдөн куткарууга үмүт бар экенин айтты. Ал билдиргендей, жай мезгилинде көтөн чучук боюнча америкалык дарыгерлер Ысык-Көлгө келишет.
"Бул жерде ичегисин сыртка чыгаруу боюнча жасалган операциясына дары каражаттары менен кошулуп жатып 70 миң сомдон ашык акча кеткен. Андан бери да керектүү дарыларын алып жатабыз. Бул жактагы адистер америкалык дарыгерлер 2 операция жасай турганын айтышты. 1-көтөн чучукту ачуу керек, бирок баламдын ичегиси 3 сантиметр кыска экен. Ошол өсүш керек деп 1 жыл күттүк, эгер өспөгөн болсо операция оор болот. Мындан тышкары жыныстык мүчөсүнөн заңдын чыгып кетиши ичегинин туура эмес жайгашканынан боло тургандыгын дарыгерлер түшүндүрүп беришти. Ошол ичегини арткы көтөн чучукка алып өтүү керек.
1-операциясына эле 300 миң сом жумшалат деп жатышат. 2-операциясына канча акча керек болот билбейм. Бирок баламды бул азаптан ушул жайда куткарып калышым зарыл деп жалпы элден жардам сурап кайрылам. Төрт балалуу карапайым үй-бүлө канча иштесек да азыр андай сумманы таба албайбыз. Өзүбүз батирде турабыз, Максат төрөлгөндөн тартып акчабыз тартыш болуп 1 жылда 7 жолу батир котордук", - деп кошумчалады эне.
Максаттын операциясына жардам берүүнү каалагандар үчүн Нышаналиева Анара Ахмадбековнанын байланыш номери: +996 0778 380 - 515. Элсом номер: Анара Нышаналиева, 0778 380 - 515.