Түз эфирде Назми Байзакова менен "Музаман" тобунун жигиттери сатуучу менен кардардын образын чагылдырышты

SUPER.KG порталынын Түз эфиринин кезектеги коноктору - белгилүү эстрада жылдызы Назми Байзакова жана 3 жигиттен турган "Музаман" тобу. Түз эфир 9-май күнү саат 15:00дө башталат. Анда ырчылар Улуу Жеңиш күнүнө карата шаңдуу чыгармаларын жандуу үн менен аткарып, көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартуулашат.

Ырчы Назми Байзакова "Бактым тоодой ушундай", "Манас ыры" жана башка бир топ элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан ырларды аткарып келет. Ал эми "Музаман" тобу Аксай Мукамбет уулу, Алымкул Мамырбаев, Тариэл Токмергенов аттуу мырзалардан турат. Жигиттер өткөн жылы "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланышкан. Топ алгачкы тушоо кесүү концертин Талас өрөөнүндө берсе, быйыл жазында борбор калаада жеке концертин тартуулашкан.

15:08 Ырчы Назми Байзакова менен "Музаман" тобунун Түз эфирдеги маеги башталды. Топтун жигиттери "Музамандын" бир мүчөсү Аксай Мукамбет уулу орчундуу себептерден улам эфирге келе албай калгандыгын айтышты. Учурда ырчылар алып баруучу даярдаган "Ойготкуч суроолорго" жооп берүүдө.

15:15 "Музаман" тобу Жеңиш майрамынын урматына "Ата Журт" аталышындагы чыгарманы жандуу үн менен ырдап берди. Андан соң мырзалар топтун түзүлгөнүнө 8 жыл болгондугун, жогоруда аталган чыгарма жигиттердин эң алгачкы ыры экендигин айтып өтүштү.

"Топтун мүчөлөрүнүн арасында пикир-келишпестик аз болот. Кээде гана ыр тандоодон улам талаш-тартыш жаралып калышы мүмкүн", - дейт топтун мүчөсү Алымкул Мамырбаев.

15:20 Ал эми Назми Байзакова стилин бат-баттан алмаштырып тургандыгы боюнча айтып берди.

"Ар бир клип же чыгарманын үстүнөн иштеп жатканда ошого жараша образ ойлоп табабыз. Анда белгилүү дизайнер, стилист Замира Молдошева жана өзүмдүн командам иш алып барат", - дейт ырчы.

15:27 "Музаман" тобунун жигиттери окууга байланыштуу аскерге барбай калгандыгын айтышты.

15:28 Назми Байзакова гитаранын коштоосунда жандуу үн менен орус тилиндеги "Зачем на свет девчонкой родилась?" деген чыгарманы аткарып берди.

15:34 Топтун мүчөсү Тариэл Токмергенов ушул жылдын август айында бойдокчулук менен коштошууну пландап жаткандыгын айтты. Ал эми Алымкул Мамырбаев үй-бүлөлүү, 3 жаштагы кыздын атасы экендигин кошумчалап өттү.

15:38 Ырчылар алып баруучу даярдаган оюнга активдүү катышууда. Алар базардагы сатуучу менен кардардын образын чагылдырып беришти.

15:42 "Музаман" тобунун жигиттери "Эстелик" ырын аткарып беришти. Андан соң топко дагы башка мүчөлөрдү кабыл алууга ойлору жок экендигин айтышты.

"Топко дагы киши кошууну, өзгөчө "кыз кошкула" деген сунуштарды көп угабыз. Бирок ал жөнүндө ойлонгон эмеспиз. Себеби бул оңой эле ишке аша турган нерсе эмес. Курамга кошулуп, батып кетүү да кыйын. Топтун көп убакыттан бери сакталып келе жаткандыгына курамдын өзгөрбөгөнү себеп болсо керек", - дейт Алымкул Мамырбаев.

15:55 Ырчылар гитаранын коштоосунда "Журавли" аттуу чыгарманы аткарып беришти.

16:00 Ырчы Назми Байзакова менен "Музаман" тобу "Тынчтык керек" деген ырды чогуу аткарышып, SUPER.KG порталынын Түз эфириндеги маекти жыйынтыкташты.


кошулду
SUPER TV'нын Түз эфиринде ырчы Назми "МузАмандын" жигиттерине картошка сатты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
monster_high_98
2018-05-09 15:47:14
Музаман тобуна чыгармачылык ийгилик.Ырларынарды суйуп угам!Дагы коптогон хит ырларды жаратасынар деген ойдомун !!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан