Бүгүн Матраимов менен Исаковдун соту болот

Бүгүн, 10-майда саат 9:00дө Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту мурдагы премьер-министр Сапар Исаков менен Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун ишин карайт. Буга чейин соттук отурум 2-майга белгиленип, карала турган ишке Сапар Исаков да, Райымбек Матраимов да келбегендигине байланыштуу башка күнгө жылдырылган.

Эске салсак, Исаков Матраимовду 2017-жылдын 23-ноябрында "иши саясий жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет" деген жүйө менен Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан алган. 26-апрелде Матраимов "мени негизсиз жумуштан алды" деп Исаковду сотко берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан