Махатхир падыша тарабынан Малайзиянын жаңы премьер-министри болуп бекитилди

Махатхир Мохамад падыша тарабынан Малайзиянын жаңы премьер-министри болуп бекитилди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Кечээ, 9-майда Малайзияда парламенттик шайлоо өтүп, өлкөнүн 60 жылдык эгемендик тарыхында биринчи жолу оппозиция жеңишке жетти. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча, парламенттеги 222 орундун 122си "Пакатан Харапан" оппозициялык блогуна тийди. Малайзиянын мыйзамына ылайык, парламенттик көпчүлүктү түзүш үчүн 112 орунга ээ болуу керек.

Айта кетсек, оппозициянын лидери 93 жаштагы Махатхир Мохамад - мурда бийликте 22 жыл туруп Малайзияны гүлдөткөн. Ал 3 жыл мурда бийлик партиясына нааразычылык билдирип, андан чыгып кеткен. Кийин өзүнчө партия түзүп, оппозиция менен биригип бир блок менен шайлоого чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан