Транспорт министрлиги: "Балыкчы-Корумду жолунун иш таштаган курулушчулары эртең жумушка чыгышат"

Ысык-Көл облусундагы Балыкчы-Тамчы-Корумду жолунун иш таштаган курулушчулары эртең, 14-майдан тарта кайрадан ишке чыга турган болду. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда SUPER.KG порталына Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Митингге чыккандар менен "Лон-Хай" компаниясынын өкүлдөрү жолугушуп, сүйлөшкөндөн кийин алардын негизги басымдуу бөлүгү 14-майдан баштап жумушка чыга тургандарын билдиришип, тарап кетишкен. Бирок айрымдары дагы деле жүрүшөт. Компания алардын маянасын толугу менен төлөп бере турган болду. Ишкана кызматчыларына 50 миңден 120 миң сомго чейин карыз экени аныкталды", - дейт басма сөз катчы.

Айта кетсек, 11-майда Балыкчы-Тамчы-Корумду жолунун курулушчулары иш таштаган. Аталган министрликтин өкүлдөрү курулушчулар менен жеринен сүйлөшүүгө кеткени айтылган.

2017-жылдын 1-декабрь күнү Балыкчы-Тамчы-Корумду унаа жолунун куруучуларына айлык акылар 4 айдан бери берилбей, алар митингге чыгышканын окурман "Элдик кабар" бөлүмүнө билдирген. Анда окурман: "Төрт айдан бери айлык акыбызды бербей жатышат. Ошол себептен жумушту токтотуп, бүгүн митингге чыктык. Өкмөт ушул маселени чечип берип койсо болмок. Буга чейин шайлоо деп чуркап жүрүштү, акчаңарды беребиз деп тил эмизишти", - дейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан