Балыкчы-Тамчы-Корумду унаа жолунун куруучуларына 4 айдан бери айлык-акы берилбей жатканын бүгүн, 20-майда окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.
"Өткөндөгү аракеттерден улам жумушчуларга айлык-акы бир аздан бериле баштаган, бирок кайра "банкта акча жок, дүйшөмбү күнү аласыңар" деп, токтотуп коюшту. Каражатты башка жакка жумшап салышкан көрүнөт. Биринчи орунда жумушчулардын акысы турушу керек да. 4 айдан бери "эртең, бүрсүгүнү, ана-мына" деп, элди алдаганы болуп жатпайбы... Жумушчулар ишенбей калышты. Катуу айтсаң, "жакпаса кете бергиле" же "жумуштан айдаласың" деп коркутушат", - деди окурман.
Эскерте кетсек, январь айында Балыкчы-Корумду жолунун куруучулары 3 айдан бери маяналарын ала албай келишерин айтышкан. Бул маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн. Ал эми Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жол чарба департаменти "Лонг-Хай" жоопкерчилиги чектелген коомго 17-февралда жумушчулардын айлык маяналарын төлөп берүүгө 95 миллион 965 миң 72 сом которулганын кабарлаган.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.