Лейлекте бир катар айылдарда сел жүрүп, үйлөрдү каптады (фото, видео)

13-май күнү нөшөрлөп жааган жаандан улам Лейлек районунда сел жүрдү. Район акими Баймурат Бекмуратовдун SUPER.KG'ге билдиришинче, селдин кесепетинен дамбалар бузулуп, Исфана шаарында жана 6 айыл өкмөттө жайгашкан айрым үйлөрдү суу каптаган.

"Лейлекте 13-май күнү кечки саат 16:00дөн 17:30га чейин катуу жамгыр жаап, сел жүрдү. Анын кесепетинен дамбалар бузулуп, ички чарбалык жолдор, арыктар талкаланды. Андан сырткары Исфана шаары, Сумбула, Ак-Суу, Жаңы-Жер, Кулунду, Бешкент, Маргун айыл аймагындагы айрым үйлөрдү суу каптады. Кечээ эл менен чогуу аралап чыгып, 20дай кожолукту суу каптаганын тактап чыктык. Бүгүн дагы тактоо иштери жүргүзүлөт", - деди Бекмуратов.

ӨКМнын маалыматына караганда, селдин кесепеттерин жоюу үчүн керектүү техникалар тартылып, иштер аткарыла баштады.

"Ак-Суу айыл аймагында Шор-Булак сайынан сел жүрүп, Чимген айылында 2 турак үйдү суу каптаган. Жаратылыш кырсыгынын кесепетин жоюу максатында бир жүктөгүч унаа тартылды. Ошондой эле Исфана шаарында 1 турак үйдүн жана Ак-Чайыр балдар интернатынын жер төлөсүн суу каптаган. Саат 18:35те Лейлек райондук №74-өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм жана 6 куткаруучу тартылган.

Ак-Суу айылы менен Каракамар айылын байланыштырып турган ички чарбалык жолдун 4 чакырым аралыгын сел суусу жууп кетип, жол каттамы жабылган. Андан сырткары Ак-Суу айылынан 4 мал, 2 электр мамысы аккан. Электр мамысын калыбына келтирүүгө Лейлек райондук РЭСтен 1 бригада тартылды. Учурда Ак-Суу, Чоюнчу, Жаркыштак айылдарында электр энергиясы жок", - деп билдиришти ӨКМдан.

Лейлекте сел жүрдү
Лейлектеги сел
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Zainidin96
2018-05-14 09:53:37
Кудай сактасын
+3
adoi
2018-05-14 11:53:00
Уйлорду фундаменти жок эле жерге эле салып койгонбу
-1
Muratmipa
2018-05-14 18:53:27
adoi,жазды жаан жааган сайын сел келе берсе сана не фундамент эмес уй да калбай калат
0
TazaKyrgyz
2018-05-14 12:47:04
Ээ кудай боодо кырсыктан сактай кор!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан