Санкт-Петербургда жаңы төрөлгөн наристени муздаткычка таштап кеткен кыргыз кызы тууралуу маалымат коомчулукка жарыяланбайт

Санкт-Петербург шаарында төрөп, баласын муздаткычка таштап кеткен кыргыз кызы тууралуу маалымат коомчулукка жарыяланбайт. Бул тууралуу Орусиядагы Кыргыз өлкөсүнүн элчилигинин басма сөз кызматкери Гүлбарчын Байымбетова билдирди.

"Кыргыз жаранына байланышкан аталган окуянын чоо-жайын билүү үчүн Орусиянын тиешелүү органдарына расмий кат менен кайрылганбыз. Алардан жооп келди. Тийиштүү отчётту кыскача өзүбүздүн мекемеге бердик. Бул окуяны коомчулукка жарыялабай эле коюуну туура деп чечтик. Бул жерде өлкөнүн аброю жогору турат", - деди маалымат катчы.

Эске салсак,буга чейин Санкт-Петербург шаарындагы мигранттар жашаган эски жатаканадан муздаткычтан жаңы төрөлгөн наристе табылган. Ымыркайды 14 жаштагы Кыргыз кызы төрөп муздаткычка таштап кеткенин орус басылмалары жазып чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
ali1995
2018-05-14 15:02:32
Туура жарыялабагыла уят
+5
altyn7776
2018-05-14 15:22:19
Жарыяланыш керек да. Абройго шылтап, жен ичинен соодалашканга отосунор билебиз да. Ооруну жашырсан олум ашкерелейт, жаман айтпай жакшы жок дейт улуу элибиз. Жашырып отуруп дагы балээ арбытасынар го
+1
Sabway
2018-05-14 15:33:40
altyn7776,аны угуп билдин эмне болду, жоон эле койчу биронун короосуна башынды салбай.
+15
Pchelka85
2018-05-14 15:23:07
Бир чети туура эле кылышыптыр.. жаш кыз.. келечеги али алдыда... а то ким билет, коомчулукка жайылып кетсе ал кыз озун эмне кылат эле... он гулунун бир гулу да ачыла элек.. эми кудайым, кайрат берсин.. сабр берсин... ДЕНСООЛУК берсин... эн башкысы Ыйман берсин... байкуш кызды жалко.. эмне денег стресс алды...
+8
bond02
2018-05-15 11:05:25
эмнеге жарыяланбайт?! билинбей кала берет экен деп кээ бир женил ойлуу кыздар мындан ары да жасай беришсин деген созбу.
0
Blackmoon
2018-05-15 14:47:05
Бул кызды дагы бир ычкыры бош алдады да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан