"Ал бизге падыша эмес" акциясын уюштурган орусиялык оппозиционер Алексей Навальный 30 суткага камакка алынды

Орусия оппозиционери Алексей Навальный 30 суткага камакка алынды. Бул тууралуу соттун чечимине таянып орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Навальный "Ал бизге падыша эмес" деген аталышта өткөрүлгөн акциясынын жүрүшүндө кармалган. "5-майда болгон "Ал бизге падыша эмес" деген акция учурунда 1 миң 600дөй адамды полиция кармап кеткен. Навальный кайрадан митинг өткөрүү тартибин бузгандыгы жана полицияга баш ийбегендиги үчүн айыптуу деп табылды", - деп жазышты басылмалар.

Навальныйдын адвокаты "бийлик оппозиционерди өлкөнүн саясий турмушуна катышуу укугунан ажыратууда" деп нааразычылыгын билдирүүдө.

Айта кетсек, 5-майда Орусиянын бир катар шаарларында оппозиционер Алексей Навальныйдын тарапташтары митингге чыгышкан. "Ал бизге падыша эмес" деп аталган акция, 7-майда Владимир Путиндин кезектеги президенттик кызматка киришүү салтанатына каршы өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан