Бүгүн, 16-майда Кумарбек Токтакунов Башкы прокуратуранын соттордун ыйгарым укуктарын камсыз кылуу башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган түзүмдүн басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Кумарбек Токтакунов буга чейин Кадамжай райондук прокуратурасын жетектеп келген. Учурда анын ордуна эч ким дайындала элек.
Эске салсак, 16-апрелде Башкы прокуратуранын прокурорлордун соттордогу ыйгарым укуктарын камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Улан Чалбаев 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганын УКМКдан кабарлашкан. Кармоо учурунда анын кан басымы түшүп кетип, "Тез жардам" кызматынын дарыгерлери ага инсульт деген диагноз коюп, ооруканага алып кетишкен. 23-апрелде прокурордун баш коргоо чарасы каралып, тергөө иштери бүткөнгө чейин камакка алынган.