Бүгүн Кара-Балта шаарында жаштар иштеткен ишканалар менен таанышуу үчүн медиа тур өтөт
Бүгүн саат 9:00дөн 14:00гө чейин Кара-Балта шаарында жаштар иштеткен
ишканалар менен таанышуу максатында медиа тур өтөт. Мындай демилге Эл аралык
жаштар фонду тарабынан уюштурулууда. Медиа турдун катышуучулары айыл жергесинде
ишкердикти өнүктүрүү
боюнча Бишкек бизнес-клубунун курсуна ийгиликтүү катышкан жаш ишкерлер менен жолугушмакчы. Айта кетсек, ушул жылдын апрель-июнь айларында Жалал-Абад, Кара-Балта, Ош
шаарлары жана Бишкектин жаңы
конуштарынан келген 350дөн
ашуун жаштар айыл жергесинде ишкердикти өнүктүрүү боюнча курска катышып, бизнести өнүктүрүүнүн жана аны ийгиликтүү тескөөгө алуу ыкмаларына ээ болушкан. Анда 200гө жакын бизнес-долбоорлор каралып, аларды түзгөн жаштар бизнесмен-кесипкөйлөр жана каржылык аналитиктер менен маектешүүдөн өтүшкөн.