Маалыматка караганда, атмосфералык абага карата зыяндуу таасирди токтотууну ЕАЭБдин стандарттарына ылайык келтирүү максатында бир катар түзөтүүлөр белгиленген. Ага ылайык, Кыргыз жерине 2019-жылдын 1-январынан тарта К2, К3 экологиялык класстагы автомобиль бензиндери менен дизель майларын сатууга чыгарууга жана пайдаланууга тыюу салуу киргизилүүдө. Бул экологиялык класстагы күйүүчү майлардан дем алуу органдарына зыян келтирүүчү химиялык сера газы көбүрөөк чыгат.
Талкуу учурунда өкмөт тарабынан демилгени 2019-жылдын 12-августуна чейин узартуу өтүнүчү айтылды. Ал эми президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлүнөн мыйзам долбооруна дыкат жөнгө салуу таасирин талдоо жүргүзүү сунушталган каты келген.
Комитет мүчөлөрү президенттик жана өкмөттүк аппараттын ортосунда аталган маселе боюнча бирдиктүү пикир табылганга чейин мыйзам долбоорун 2-окуунун режимине кайтаруу чечимин кабыл алышты.
Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамовдун айтымында, чет өлкөдөн ташылып келип жаткан күйүүчү майлардын 80 пайызы Орусиядан, 10 пайызы Казакстандан ташылып келинсе, 10 пайызы жергиликтүү күйүүчү май өндүрүүчүлөр тарабынан чыгарылат.