Министрдин мурдагы орун басары Нурбай Касымбаевдин уулу сүзүп кеткен 19 жаштагы кыздын атасы айыпталуучуга карата доо арызынан баш тартты. Бул тууралуу 22-майда SUPER.KG порталына Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Анын айтымында, каза болгон кыздын атасынын арызды кайтарып алышына жабырлануучу тараптын келтирилген чыгымдын баарын төлөп бергени себеп болгон.
"Кыздын атасы кызын сүзүп кеткен балага карата "эч кандай доом жок, ал келтирилген моралдык жана материалдык чыгымдын баарын төлөп берди" деп арыз менен кайрылган. Бул арызды 8-майда Свердлов райондук соту канааттандырып, айыпталуучуну каттоо боюнча жашаган аймагынан алыс чыкпасын деген шарттын негизинде үй камагына чыгарган. Учурда ал Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын көзөмөлүндө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Айта кетсек, буга чейин Бишкек ШИИББинен мас абалындагы 25 жаштагы айдоочу 19 жаштагы кызды 20 метрдей жерге ыргыта сүзүп, кийин тебелеп кеткенин кабарлаган. Жаракат алган кыз ошол жерден каза болгон. Ал эми жол кырсыгы ошол жердеги видеокөзөмөлгө түшүп калган. Наркологиялык экспертиза айдоочу мас абалында болгонун аныктаган. Сүзүп алган 25 жаштагы Н.Н. аттуу айдоочу 16-апрелде СИЗО-1ге эки айга камакка алынган. Кызды тебелеп кеткен унаанын айдоочусу ички иштер министринин мурдагы орун басары Нурбай Касымбаевдин уулу экени айтылган. Бул маалыматты Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы тастыктоодон да, жокко чыгаруудан да баш тарткан.