Бүгүн, 24-майда Бишкек шаардык сотунда Канат Исаевдин иши каралат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын жубайы Жамила Исаева билдирди.
"Бүгүн саат 9:30да Бишкек шаардык сотунда отурум орун алмак. Анда тергөөчүлөр жарыш сөздү сүйлөшмөк. Жактоочулар болсо мурунку отурумда жарыш сөзгө чыгышкан. Андан соң акыркы сөз айтылгандан кийин сот чечимин күтүп жатабыз", - дейт Жамила Исаева.
Айта кетсек, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту ушул жылдын 4-январында Канат Исаевди 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда "пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп 12 жылга эркинен ажыраткан. Ошондой эле мүлкүн конфискациялоо менен бирге жазасын өтөгөн соң 3 жылга чейин мамлекеттик кызматтарда иштөөгө тыюу салган. Соттун чечимине макул эместигин билдирип, анын жактоочулары шаардык сотко даттанышкан.