Акыркы 5 жыл ичинде Орусияда эмгектенген Кыргыз жарандарынын саны 5 эсе өстү

Акыркы беш жыл ичинде Орусияда Кыргыз мигранттарынын саны дээрлик беш эсеге жогорулап, Армениянын жарандарынан эки эсеге көбөйгөн. Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына шилтеме берүү менен жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, 2017-жылы Орусияда 376 миң 863 Кыргыз жараны эмгектенген. 2012-жылы бул көрсөткүч 79 миң 375 болгон. Ал эми Орусияда эмгектенген армениялыктардын саны 2017-жылда 232 миң 247 деп катталган. Бул көрсөткүч 2012-жылы 90 миң 549 болчу. Эки өлкө тең Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) мүчө.

Айрым өзгөчөлүктөрдү эске албаганда, биримдикке мүчө эки өлкөгө Орусия өзүнүн жарандары менен бирдей эмгек укуктарын берип келет. Тактап айтканда, Кыргыз жарандары да, Армения жарандары да Орусияда жумуш табуу үчүн патент алууга муктаж эмес.

Орусияда башка өлкөлөрдөн келип, патент алып эмгектенген мигранттардын саны 2012-жылдан 2017-жылга чейин 1 жарым эсеге көбөйгөн. Алдыңкы сапта Өзбекстан менен Тажикстандын жарандары болсо, үчүнчү орунда украиналыктар.

Белгилей кетсек, Кыргыз мамлекети 2015-жылдын август айынан тартып ЕАЭБге расмий түрдө мүчө болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Dembele84
2018-05-24 10:15:57
Мынтип бири биринерди чукуп жумуш ордуларын тузбой отура берсенер андан да кобойот.Копчулугу гражданатво,уй алып бала чакасы менен келе беришкен.Россия гана эмес дуйнонун бардык бурчуна чейин тарап кетишти.Акчасын эсептеп отурбай эртерээк аракет кылып миграциЯны азайтса болмок!
+8
KGstan1981
2018-05-24 10:30:46
Эгерде байкасанар Атамбаев президент б-н жылдары кытайлар аябай кобойуп оз мекенинде жургондой эркин журушуп калышкан.Ал эми биздин байкуш жоошо кыргыз элибиз ошол Атамбаевтин даарынан РФке кетишке мажбур болушту.
+5
surgeon777
2018-05-24 15:41:38
KGstan1981,Атамбаев кетти келбейсинерби эми))Келгиле,Соке кыйратам,сойлотом дейт))
+2
Dalil
2018-05-24 11:16:13
Атамбаев бийликте болгондо бул цифра менен "мен Орусияда иштөө үчүн жакшы шарттарды түзүп бергеним үчүн көбөйдү деп мактанмак"
+6
MAKALAK
2018-05-24 11:53:48
79мин ката эмеспи
+3
maks94.kb
2018-05-24 12:03:12
Бийлик журо берсе дагын осот кыргыз россияда кытай Кыргызыстанда болуп калат
+2
jbolotov
2018-05-24 13:58:45
Бул мамлекетте иш орундары жок, айлык аз, алсыз болуп атканды билдирет. Атамбаев чыккынчынын айынан.
-2
Pamirlan
2018-05-24 20:43:56
Балдарга эле кыйын ата энесин кутууп, мээримге тойбой
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан