Ишкер: "Өкмөт музейге эмерек жасап бер деп буюртма берсе, сыймыктануу менен арзан эле жасап бермекпиз. Мисалы, отургучту 3 миң сомдон"

Бүгүн, 25-майда "Ата Мекен" фракциясы Тарых музейинин курулушунун жүрүшү боюнча көчмө жыйын өткөрдү. Көчмө жыйын учурунда кофе, чай ичип отуруучу отургучтардын ар биринин баасы 100 миң сомдон сатылып алынганы айтылды. Эмеректер музейге германиялык "Vitrinen und Glasbau REIER" компаниясы тарабынан алынып келген. Мындан улам SUPER.KG порталы Бишкектеги ата мекендик өндүрүштөгү эмеректердин баасына кызыгып көрдү. Мындай эмеректерди биздин усталар жасай алат беле деген сурообузга эмерек цехин иштеткен ишкер Замир Айылчиев жооп берди.

Мен отургучтан 100 миң сомдук эч нерсе көрө алган жокмун. Отургучтардын мындай кымбат болуусу жомокто гана кездешиши мүмкүн. Биз жасаган отургучтардын максималдуу баасы 2 жарым миң сомду же такыр болбосо 3 миң сомду түзөт. Ал эми музейдеги отургучтан артыкчылык катары эч нерсени байкаган жокмун. Эгер ал жаңгактын жыгачынан жасалып келсе, баасы бир азга кымбат болот эле, бирок бул чылгый эле темирден жасалганы байкалып турбайбы", - деди ал.

Ишкер өзүнүн менчик ишканасында жогорудагыдай отургучтар болгону 2 миңге жетпеген баада сатылса, өтө эле шөкөттөлүп, кездемеси Түркиядан алып келинип, кардардын көптөгөн каалоосуна жараша жасалган учурда гана 5 миң сомго чейин сата турганын кошумчалады.

"Мен ишим боюнча чет өлкөгө көп чыккам. Ал жакта деле баасы кымбаттары бар. Бирок алар Тарых музейине алынган отургучтардай эмес, такыр башкача. Негизи өкмөт ошондой эмеректерди жасап берүүнү кыргыз ишкерлерине буюртма берсе кубанмакпыз. Мисалы, мага буюртма бериле турган болсо, сыймыктанып гана арзан баада сапаттуу жасап бермекмин. Ошондуктан мен отургучтардын сүрөтүн көрүп, ага коротулган акча сол чөнтөккө кеткенин айтып турат деп ойлодум. Ошол эле музейдеги эмеректердин баарын жасаганга Кыргыз өлкөсүндөгү усталардын кудурети жетмек ", - деди ишкер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (31)
nurikkg88
2018-05-26 00:33:55
Мен жеке ишкермин мен тарых музейи учун акысыз эле сапаттуу кылып жасатып бермекмин бюджет эконом болмок
+3
jaskaaa
2018-05-26 04:50:09
Мыйзамдаштырып жеп атышкан турбайбы!Биздин чоңдорго сөз өтпөй калды го. Жей берип эч нерсе сезбей калышты.Сүйлөп кала берет деген экенда.Мындан кийин Шайлоо өткөрбөй эле койгулачы,элге эч кандай деле пайдасы жок экен силердей жегичтерден.
Биз 10 000 сом үчүн канча иштейбиз.Булар жатып алып эле таап коет тура элдин эсебинен кредит алып жыргап санаа деген жок.
+3
ruslanz
2018-05-26 08:43:19
Бизде деле мыкты эмеректер чыгат, баасы 50эсе арзан. Бул билинип калгандары, билинбей олко б-ча жеп аткандар канча.Атамбаев 6жыл бою кошоруп бизде корруп.жок деп келбедиби."Эл аралык уюмдар калп айтышат"дегеничи, куйгузот да.
+1
Luna15
2018-05-26 08:44:31
Чын эле туура айтат,эмнеге оз олкобуздон заказ берип жасатышпайт,созсуз эле чет олкодон алып келиш керекпи,бизден жасалган эмеректер деле сапаттуу Жана арзан,озун каалагандай чыкыйтып жасап беришетго
0
Ibragim06
2018-05-26 10:27:29
Куудулдарга жаңы снерий.
+2
Shadykanov
2018-05-26 10:31:46
Ошол ким алса ким ошол жака тиешеси болсо мандайына отургузуп алып тилде десе ушундай бир ашатат элемда жаман тилденип атам
+1
Kuba_502
2018-05-26 10:56:08
Самара Каримова да бекеринен музейге директор болом деп чыкпаганда.эң майлуу орун экен го музей
+5
Dalil
2018-05-26 11:12:22
Тарых музейинде эң кымбат экспонат катары тарыхта кала турган болду. Стулдардан да бирди коюп коюшсун. А баса ТЭЦтеги аттишти менен камераны жана бир көчөт ошонун баарын катар кылып тизип коюшсун. Атамбаевдин мезгилиден эстелик. Бул жерде тарых жазылып жатат. Буга чейин мындай кымбат экспонат сатып алганы эч кимдин духу жеткен эмес. Көч бара-бара түзөлөт деп отуруп түзөлбөй эле чалкасынан кетиптир.
+3
taalay25
2018-05-26 11:36:57
РФнын Транспорт министри жолго тошолгон асфальттан эки сантиметр, казактыкы беш сантиметр жептир. Аны коргон кыргыздын министри жоодун тен жарымын жеп коюптур деген анегдот бар го
+1
BarsBaatyr
2018-05-26 12:41:40
Кайран гана мурдуңа ХХХХ сүйкөгөн Кыргыз...
0
BarsBaatyr
2018-05-26 12:46:06
Ушуларды көрүп дагы биз Кыргыздар эсибизге келбейбиз.Айииий деп коёбуз,бүттү ошо менен.Баардык жердин башчылары элинин пейилине жараша.Демек өзүбүз күнөөлүбүз.
0
Milduri
2018-05-26 20:12:43
Тарых музейине коротулган акча каражаты боюнча тыкыр иликтеп чыгып ким канча жеген болсо баарын кустуруш керек! 1миллиард 500 миллион сом аябай көп акча.
0
Sezimim...
2018-05-27 15:57:55
Тооба, козумдон жаш айланды.Мынтип ачык талап тоноп турсак качан биз да жетишип эл катары тентибей жашайбыз.
0
Sezimim...
2018-05-27 16:13:53
Эгемендуулукко жеттик деп чыгым кылып майрамдайбыз.Эмне Россияга багынып жашап келдикпи?Россия ээ болгон укукка биз да, эге болуп жашап келдик.Биз болунбой кайта бироонун айтканы менен жашаганыбыз он болмок.Ушуга окшогон жеп жутаарларга кор болбой.
0
GULZAT.83
2018-05-27 17:07:54
600$кычкач.9000сомдук кочот.15000$камера мына сага 100 000сомдук стол стул. Булардын баары С.Жеенбековдук коз алдында алынып атпайбы.Атамбаевдин кандай тиешеси бар ошондо!Жеенбеков куноолу ушуларды текшербейби!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан