Оштогу "Сулайман-Тоо" тарыхый-археологиялык музей-комплексине Султан Абдыракманов директор болуп дайындалды.
Маалыматка караганда, ал бүгүн жамаатка тааныштырылган.
Абдыракманов буга чейин республикадагы бир нече телеканалдарда иштеп, тарыхый берүүлөрдү алып барып келген.
Айта кетсек, буга чейин "Сулайман-Тоо" тарыхый-археологиялык музей-комплексинин жетекчиси Абдыкайым Кангелдиев апрель айында өз арызынын негизинде кызматынан кеткен.