"Сулайман-Тоо" музей-комплексинин жетекчиси кызматтан кетти

"Сулайман-Тоо" тарыхый-археологиялык музей-комплексинин жетекчиси Абдыкайым Кангелдиев кызматынан кетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз катчысы билдирди.

Маалым болгондой, жетекчи кызматтан өз каалоосу менен кетүү боюнча арыз жазып, ал 19-апрель күнү канааттандырылган.

"Абдыкайым Кангелдиев өз каалоосу менен кызматтан кетти. Учурда анын ордуна ким жетекчи болуп дайындала турганы белгисиз. Талапкерлердин тизмеси да аныктала элек", - деди басма сөз катчы.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган музейдин кызматкерлери SUPER.KG`ге жетекчиликтин жүргүзүп жаткан реформасына канааттанбай, кайрымдуулуктан чогулган каражаттарды максатсыз пайдаланып, мекемедеги кызматкерлердин моралдык укугун тебелеп жатканын билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Ermekbai
2018-04-23 12:41:07
Сулайман-Тоода майлуу сүттүү жерби деймда тез тез эле жетекчилиги алмашып жатат бир туруп эле бир ырчы келет дагы башка башка болуп.
+8
Kuba_502
2018-04-23 12:59:54
КР эмгек сиңирген артисти С.Каримова турат го даяр кадр
+1
Pira87
2018-04-23 13:02:54
Самараны жетекчи кылуунун жолун издеп жатышат анык эле
+9
madina.87
2018-04-23 13:37:03
Самара жон эле ырын ырдасынчы,бул артисттер ожор келишет экенго.Кылам дедимби кылам дегендер.Балким бул да жетем дедимби жетем,жетекчи болом деп элестеттип жургондур.
Ким билет?
+3
almanbetperm
2018-04-23 15:32:34
Самашты чакыргыла
+4
Janna07
2018-04-23 16:19:49
Самаш Сулайман тоону самап бир жолун таап атат окшойт
+5
Кайрат
2018-04-23 21:53:21
Жантай чалдын Акмөөрү келип кетти эле, эми кайра келгиси келип аткан окшойт
+4
Janna07
2018-04-24 00:08:05
Кайрат,жардын
0
Ayida
2018-04-24 00:45:32
Бул киши кезинде кароолчу элего?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан