Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Улуттук тарых музейин реконструкциялоо иштери боюнча териштирүүнү баштады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы менен Эсептөө палатасы буга чейин апрель айында аталган реконструкция иштери боюнча текшерүү жүргүзгөн.
"УКМК тарабынан Улуттук тарых музейин реконструкциялоодо бюджеттик каражаттын натыйжасыз жана максатсыз пайдаланылышы боюнча териштирүү башталды", - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.
Эске салсак, аталган музей 2016-жылдын 25-мартында жабылып, оңдоо иштери башталган. Оңдоого мамлекет тарабынан 1,5 миллиард сом бөлүнгөн. Бул акчанын бир бөлүгү жаңы экспонаттарды сатып алууга жумшалган.
Жакында эле аталган музейди реконструкциялоодо жабдыктар жана экспонаттар кымбат баада алынганы маалымдалган. 1 узун жыгач 600 долларга сатып алынганы тууралуу кептер тараган. Парламенттин "Ата Мекен" фракциясы 25-майда аталган объектте көчмө жыйын өткөрүп, каражаттын жумшалышы боюнча бир нече сындарды айтышкан. Жыйынтыгында көрсөтүлгөн фактыларды бир айдын ичинде иликтөө үчүн укук коргоо органдарына 6 пункттан турган тапшырмаларды берүү боюнча чечим кабыл алынган.