Депутаттар "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын ишин сындады

Азамат Абдыкадыров"Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын жаңы жетекчиси Азамат Абдыкадыров 29-майда Тармактык комитеттин жамааты менен тааныштырылды. Комитет төрагасы Кожобек Рыспаев: "Көрүп жатасыз, Улуттук энергетикалык холдинг керек эмес деген сындар айтылып жатат. Бул мекеменин мурунку төрагасы Айбек Калиевге да бир нече жолу ишти жакшыртуу боюнча кеңеш бергенбиз. Аткарган жок. Системиңерди оңдогула. Кааласаңар холдингди министрлик кылып өзгөрткүлө. Бир системге салгыла. Бизге отчётуңар менен стратегиялык планыңарды алып келгиле. Сунушуңар да кошо келсин", - деди.

Жыйында депутаттар энергосистемде пайдасыз иштер көп болуп жатканын, алынган карыздар максатсыз пайдаланылып жатканын айтып сындашты. Ошондой эле аталган тармактын жетекчилерине "бирөөгө кызмат керек болсо эле жаңы мекеме ача койгонду токтоткула" деген кеңешин айтышты.

Улуттук энергетикалык холдингдин жаңы жетекчиси айтылган сындарга 100 пайыз кошуларын билдирип, иш-аракетти күчөтөрүн айтты. Улуттук энергетикалык холдингдин төрагасы жакында республикадагы өкүлчүлүктөрү менен кеңешип, системди иликтеп көрүп, сунуш менен кайра комитетке келерин билдирди.

Эске салсак, 10-апрелде "Улуттук энергохолдингдин" мурдагы төрагасы Айбек Калиев кызматынан бошотулган. Ал Бишкек жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоо долбоорун ишке ашыруудагы коррупция фактысы боюнча кылмыш ишинин алкагында кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Ал эми Азамат Абдыкадыров ушул жылдын 26-майында аталган кызматтын төрагалыгына дайындалып, жамаат менен тааныштырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан