Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында сабалып ооруканага түшкөн 2 жаштагы баланы энеси 2 айдан бери инисинин аялына таштап, өзү Каракол шаарында иштеп жүргөн. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 27-май күнү саат 23:30дар чамасында Балыкчы аймактык ооруканасына 58 жаштагы аялдан билдирүү келип түшкөн. Билдирүүдө кошунасынын үйүндө кичине баланын ыйлаганы басылбай жатканын, байкашынча наристени үйдө жашаган келин уруп жатканын айтып, кабар берген. Айтылган дарекке барган ыкчам иликтөө тобу аталган үйдө 33 жаштагы Г.Ч. аттуу келиндин жашаганы аныкталган. Келиндин өзүнүн үйдө 4 кичине баласы жана 1972-жылкы К. аттуу кайнежесинин 2 жаштагы баласы болуп жашаганы белгилүү болгон.
"Алгачкы териштирүү иштеринде белгилүү болгондой, келиндин жолдошу жана кайнежеси 2 ай мурун Каракол шаарына картошка өстүрүп иштегени кетишкен. Келин баланы шымына сийип салгандыгы үчүн аны тарбиялоо максатында уруп койгонун айтып берген. Сабалган наристенин атасы каза болуп калгандыктан, апасы инисинин үй-бүлөсү менен жашап келгени ачыкталды. Учурда баланын коопсуздугу үчүн бала Балыкчы шаардык балдар клиникалык ооруканасына өткөрүп берилип, ал жерде дарыланууда. Ал эми окуя Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн кылмыш китебине катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Качан гана экспертизанын негизинде баланын ден соолугуна катуу залал келген болсо, кымыш иши козголот. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, ымыркайдын энеси бул окуя боюнча арыз жазуудан баш тартууда. Эгер эне жогорудагыдай чечимге келсе, кылмыш иши кыскартылып калышы да мүмкүн. Бул үй-бүлө 2017-жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районунан көчүп келишиптир", - деди маалымат катчы.
Эске салсак, Саламаттыкты сактоо министрлиги 2 жаштагы баланын сабалып, ооруканага түшкөнүн билдирген.