Кубат Оторбаев: "Карганбек Самаков акталышы керек"

Бүгүн, 30-майда акыйкатчы Кубат Оторбаев президент Сооронбай Жээнбековго, Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаевага жана башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылуу жолдоду.

Акыйкатчы кайрылуусунда экс-депутат Карганбек Самаковго карата козголгон кылмыш иши негизсиз экенин айтып, анын күнөөсүз экендигине бир нече фактыларды келтирди. Ошондой эле ушул ишке байланыштуу башка соттолгондордун да күнөөсүз экенин айтып, алар да акталышы керек экенин билдирди.

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Сиздин сот адилеттиги тууралуу сот системин реформалоо боюнча жыйында айткан сөздөрүӊүз эл арасында, юрист, адвокат, укук коргоочулар, ошол эле судьялар тарабынан кызуу колдоого алынып, кубатталууда. Анткени муз ордунан жылып, сотто талкаланган тагдырлар кайра калыбына келет деген аруу үмүт пайда болууда.

Ушул айтылгандардын негизинде Карганбек Самаковдун үстүнөн козголгон кылмыш иши жасалма экендиги, анын айыбы жок экени далилденип отурат. Президенттик аппараттын мурдагы бөлүм башчысы Манасбек Арабаев Самаковдун ишин көзөмөлгө алып, аны атайылап соттоп жиберүүгө кызыкдар болгону ачык билинип калды. Анан мындай жерде мыйзамдуулук, адам укугу, объективдүүлүк жана калыстык кайдан болсун?

Жогорудагылардын негизинде Карганбек Самаковго каршы козголгон кылмыш ишине негиз жок болгондугун, тергөө бир беткей каралоо менен жүрүп, сот акыйкаттыгы орнобогондон улам кезектеги сот отурумунда ал толук акталып чыгышы керек деген ойдомун. Карганбек Самаков менен бирге Кубанычбек Самаков, Урмат Нурдинов, Эрнис Койчуманов, Аликбай Сариев, Абай Таштанбековдун ишине карата да акыйкаттык, мыйзамдуулук орноп, алар абактан чыгышы зарыл”, - деп айтылат кайрылууда.

Эске салсак, 2017-жылдын 19-декабрында Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту 262 гектар жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялоо боюнча айыпталган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаков 10 жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоо чечимин кабыл алган.

Ошондой эле бул окуяга катышы бар деп күнөөлөнгөн Кубанычбек Самаков, Аликбай Сариев, Урмат Нурдинов, Эрнис Койчуманов жана Абай Таштанбеков күчөтүлгөн тартипте 8 жылга эркинен ажыратылган.

Ал эми Игорь Чудинов менен Искендер Айдаралиевге 5 миллион сомдон айып салынган. Арстанбек Ногоев, Курманбек Бакиев, Жаныш Бакиев 10 жылга эркинен ажыратылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Suior85
2018-05-30 12:00:44
Оторбаев отуруп алып ар кимге кайрылуу жолдой бересинби жазаларын алышсын же жылдык отчётко даярдыкпы
0
shumkar929292
2018-05-30 12:14:01
Эң жакшы иштеген адамдар камалган экенда манасты ким тааныты эле
0
fantomas
2018-05-30 13:07:12
Оторбаев Самаковдон пара алганбы, анын камчысын чаап, адвокаты болуп калыптыр...

Адашпасам Карганбек Самаков Бишкектин айланасы, б.а. Бишкекке жакын жайгашкан Чуй облусунун бир нече жуз гектарын менчиктеп алып, аларды (эгин талааларын) трансформациялоого болбосо да, трансформация кылып майдалап жер участкасы кылып сатканы боюнча чооон куноо тагылып жатат. Мындай адамдын куноосуно караганда атууга кетчу же бир омур абакта жатчу адам Карганбек Самаков.
+1
fantomas
2018-05-30 13:09:44
Анан калса ошол жерлерди мамлекетке кайтарып, келтирилген зыяндарды Самаковдон кустуруп алуу керек мамлекет.

Эми ошондо, ошондой чон кылмыш ишке кол урган кишини куноосуз деп чыгууга Оторбаевди мотивация кылган нерсе эмне экен?!! Самаков Оторбаевге 2-3 гектар жер убада кылдыбы же пара бердиби?!!

Эмне себептен Оторбаев Самаковдун адвокаты болуп жатат?!!
+1
Suior85
2018-05-30 13:11:11
Туура айтасын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан