Пенсия же жөлөк пул алгандарга мөөнөтүнөн өтүп кеткен гезиттер таңууланып берилбей турганын Түп районунун Талды-Суу айылынын почта кызматкери Айнура Нуракунова билдирди.
"Мен бул кызматта 20 жылдан бери иштейм. Бизде келген гезиттерди таңуулап же болбосо мөөнөтүнөн өтүп кеткенине карабай берип, акчасын кармап калбайбыз. Бизге болгону эл көп окуй турган гезиттер келет. Бирок ал жумадан жумага жетпей жок калат. Эгер биз жашоочулардын акчасынан кармап, гезит сатсак, элдин баары банктан алууга өтүп кетпейт беле. Биздин айылда көпчүлүк почтадан пенсиясын, жөлөк пулун алып эле жатышат. Бизде мындай иштер болбойт", - деди почта кызматкери.
Эске салсак, Түп районундагы Талды-Суу айылында почта кызматкерлери мөөнөтү өткөн гезиттерди берип, акчасын кармап жатканын окурман "Элдик кабар" аркылуу маалымдаган.